2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулду. Бул тууралуу Улуттук Банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.
Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма аларга салыштырмалуу рекорддук чекке жеткен.