Жаңылыктар
Нарында сел жүрүп, айдоо аянттарын каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында сел жүрүп, айдоо аянттарын каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-июнь күнү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Нарын облусунун Ак-Талаа районунундагы Байгөнчөк айылынын Бөрү-Башы коктусунан сел жүрүп, болжол менен 40 гектар айдоо аянтын жана Нарын-Баетов унаа жолунун 110-чакырымын сел каптаган. 

Жерине ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылып, айдоо аянттарга барган ирригациялык каналдардагы суунун нугун "Терек-Сай" дарыясына бурушкан.