Жаңылыктар
Коррупцияга малынган мамлекеттик кызмат
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупцияга малынган мамлекеттик кызмат

Ушул жумада Кумтор кени боюнча козголгон кылмыш иштерин тергоо алкагында белгилуу атка минер Данияр Нарымбаев жана мурунку биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков укук коргоо органдары тарабынан кармалганы белгилуу болду. Андан мурун ушул эле кылмыш иштери боюнча журуп жаткан тергоонун алкагында эки айлык моонтко Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин тергоо абагына мурунку жана иштеп жаткан депутаттар Торобай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев камалган. Ошондой эле, соттун чечимине ылайык мурдагы окмот башчысы Омурбек Бабанов жана Жогорку Кенештин торагасы Асылбек Жээнбеков камалганы маалымдалган эле.

Бул жумада Кумтор боюнча кылмыш иштеринин чоо жайын аныктоо максатында аскер прокуратурасы тарабынан депутат Наталья Никитенко суракка алынды. Ошол эле кылмыш иштери боюнча мурунку вице премьер-министр Элвира Сурабалдиева сурак бергени маалымдалууда. Анткени, 2017-жылы бул эки айым Жогорку Кенештин депутаты болуп, ошол кезде кабыл алынган укуктук актылардын жарык корушуно кубо болгону айтылууда. Эскерте кетсек, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Суу Кодексине озгортуу киргизилген. Ал озгортуу даректуу, Кумтор кенин иштетууго тиешеси бар экенинде калет жок, дейт эсперттер. Анткени Кодекске киргизилген озгортууго ылайык Давыдов жана Лысый аттуу монгулор тоо-кенин казуу ондурушунун алдына монгулорду козгоо жана пайдалануу боюнча коюлган тыюу тизмесинен чыгарылган. Натыйжада, алтын кенин казуудан чыккан калдыктар аталган монгулордун бетинде сакталып, айлана-чойрого, таза суунун булактарына орду толгус зыян келтирилгенин жаратылышты коргоо боюнча адистер айтышууда. 

Кумтор кенин иштетуу боюнча козголгон кылмыш иштерине тиешеси бар деп саналган шектуулордун жана кубоолордун саны кун откон сайын кобоюуп келуудо. Бирок, бул иштер боюнча тергоо ото таза, кылдат жана адилеттуу жургузулуусу зарыл. Себеби, биринчиден, Кумтор кени менен байланышкан кылмыштуулук, анын катышуучулары, бул алтын кени боюнча учурунда тузулгон келишимдер, кала берсе, мамлекеттин келишимдеги улушунун колому - мунун баары эл оозунда жана коомчулуктун коз алдындагы маселелер. Жарандардын басымдуу копчулугу Кумтор алтын кен добоору коррупциялык долбоор деп эсептеп келет. 

Экинчиден, Кыргызстандын чет элдик оноктоштору, болочок инвесторлору Кумтор боюнча кылмыш иштеринин тергоо процессине оз алдынча байкоо жургузуп жатканы талашсыз. Демек, ал тергоонун адилеттуулугуно жана тазалыгына олкобуздун эл аралык аброю, инвестициялык оноктош катары ишенимдуулугу туздон-туз байланышта экенин адистер айтышууда. Ошондуктан да олкобуз бул тергоо иштеринин адилеттуу, таза жана ачык жургузулушун кутуудо…