Жаңылыктар
Талаадагы түйшүк менен мээнеттин акыбети
Кыргызстан жаңылыктары
Талаадагы түйшүк менен мээнеттин акыбети

Жай оз укугуна толук кандуу ээ болуп жаткан кундордо, жашылча-жемиштердин бышып жетилген мезгилинде, базардагы баалардын томондошун куткон жарандар тан калууда. Базарда озубуздун жерибизден остуруп келген момо-жемишке караганда сырттан алып келген товарлар устомдук кылып келет. Алардын баасы да арзаныраак болууда. Мунун себеби эмнеде?

Албетте, тузулгон мындай кырдаалда олкобуздун дыйкан-фермерлеринин айыбы жок. Алардын аракети куч, бирок, айрым маселелердин чечилиши жогорку бийликтин чечимдерине байланыштуу болууда, дейт адистер. Мисалы, сугат суу кенен, сууну жеткирчуу ирригациялык тармак дагы чекеден онолуп келуудо. А бирок, суу озубуздун талааларга жеткирилбей, кошуна олколордун фермерлерине агып жатат. Мындай корунушко жергиликтуу дыйкандар каршы экенин ачык айтып, министрлер кабинетине чейин кайрылышканы жашыруун эмес. 

Ушул жумада Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды. Ал сапарынын жүрүшүндө тузулгон сугат суу боюнча кырдаалга байланыштуу Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен жакындан таанышты. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы фермерлер менен жолугушуп, сугат суу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулады. Улукбек Марипов учурда олконун азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турарын айтып, тармактык түзүмдөргө жакын арада аймакты суу менен камсыз кылуу тапшырылганын белгилеп отту. «Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилерине карата катуу чаралар көрүлөт», - деди Кыргыз окмотунун башчысы.