7-июнда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгилегендей, Кеңештин алдында иштеп жаткан кылмыш, жарандык, административдик жана аткаруу кодекстериндеги укуктук боштуктарды жана коллизияларды четтетүүгө багытталган сунуштарды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Эксперттер сот системасынын жана сот өндүрүшүнүн маанилуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча мыйзам долбоорлорун даярдашты. Аларга сот реформасынын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча талдоолор жасалып, сунуштамалар берилген.
Адистердин айтымында, сот системасынын жана сот өндүрүшүнун укуктук негиздерин реформалоодогу коптон бери айтылып, бирок аткарылбай келген кадамдарынын бири ушул, башкача айтканда, иштеп жаткан кодекстерге таандык талаптардын топ келишпегендигин жана кылмыш мыйзамдарындагы юридикалык чаташтыктарды жоюу болуп саналат. Себеби укуктук мейкиндиктен орун алып келген бул кемчиликтер коп учурларда акыйкаттуу сот чечимин кабыл алууга тоскоол болот. Айрым учурларда соттук каталарга жол берет, дейт эксперттер. Ал гана эмес, тажрыйбалуу юристтер мындай кемчиликти оз пайдасына айландырып, кылмыш ишинин тергоосун бурмалап, соттун чечимин каалагандай буруп чыгаруу мумкунчулугуно ээ болот.
Мындан тышкары, сот бийлигинин озгочо статусу, соттордун кол тийбестик укугу айрым кызматкерлердин адамдын тагдырын чечуу укугуна ээ болгон бийик сот наамына топ келбеген кадамдарга барууга - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, мамлекеттик кызматкердин этикалык эрежелерин бузууга, коррупциялык кылмыштарга барууга оболго тузуп келет. Эксперттердин айтымында, сот жана кылмыш-укуктук мыйзамдарынын жанылануусу, кайрадан карап, иштелип чыгуусу кундун маанилуу талабы болуп саналат.