Жаңылыктар
Жаңы деңгээлге чыккан кыргыз-түрк алакасы
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы деңгээлге чыккан кыргыз-түрк алакасы

Ушул жумада Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасында расмий иш сапары менен болду. Мамлекет башчысы Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бетме-бет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты. Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын маанилуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине барып, анын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Жана бул жерде Президент Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Аларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык жагымдуулугу жонундо кенири маалымат берди. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.

Дипломатиялык эрежелерге ылайык мамлекет башчыларынын расмий сапарларын коптогон протоколдук иш-чаралар коштоп келет. Саясий серепчилердин айтымында, ал протоколдук чаралардын маанайы, кайсы денгээлде уюштурулганы жана аткарылганы да эки тараптуу мамилелердин денгээлинен жана алардын келечегинен кабар берет. Дипломатиянын ото аяр, корунор-корунбос озгочолукторунун бири ушундайда сезилет, дейт адистер. Өлкө башчысынын расмий сапарын коштоп келген протоколдук чаралар озгочо маанайда жана жогорку денгээлде уюштурулуп, аткарылганын аналитиктер айтышат. Мамлекет башчысынын Туркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары жонундо кабарчыбыз баяндайт…