Эр жигит эл четинде, жоо бетинде демекчи Улуттук гвардиянын жазда кызмат өтөөгө чакырылган жоокерлери мекенди коргоого ант беришти. Алар өлкөнүн бардык аймактарынан топтолгондор.
Жоокерлер буга чейин бир ай окуп, машыгуудан өтүшкөн. Алдыдагы аскердик милдеттерин так аткаруу үчүн жалпы аскердик жоболорду окуп, тактикалык, күжүрмөн жана физикалык даярдыктан өтүшкөн.
Улуттук гвардияда ар бир эле жигит кызмат кыла албайт. Бул жакка жигиттерди тандап алуу талабы жогору. Кызмат өтөөгө ден соолугу чың, физикалык жактан даярдыгы күчтүүлөр гана тандалып алынат.
Мекен үчүн кызмат өтөп, ата журт алдындагы милдетин татыктуу аткарууга 130дан ашуун жоокер милдеттеништи. Улуттук гвардияда кызмат өтөө ар бирибиз үчун чоң сыймык жана жоопкерчилик дешет.