Жаңылыктар
Соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү

Эки өлкөнүн президенттери тарабынан соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча конкреттүү милдет коюлду, - деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров. 

Өткөн жылы пандемияга карабастан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 507 миллион долларды түзгөн. Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин караштыруу зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. 

Азыр уставдык капиталдын суммасы жана акча каражаттарыдын жумшалышы боюнча конкреттүү долбоор даярдалууда. Жакын арада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү күтүлүүдө. Кыргыз тарапты Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ал эми түрк тарапты Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жетектейт. 

Ал жерде биз мамлекет башчыларынын бардык тапшырмаларынын аткарылышын так, деталдуу иштеп чыгабыз. Бул биздин экономикабызга сезилээрлик түрткү берет, - деп кошумчалады экономика жана финансы министри. 

Ошондой эле ал жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда өз ара аракеттенүү корпусун түзүү боюнча Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кароосуна сунуш киргизилерин белгиледи.