Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын биринчи саясий байланышы жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Түркия менен Кыргызстан - жалпы тарыхы, каада-салты жана тектеш тили байланыштырган боордош өлкөлөр, стратегиялык өнөктөш.
Президенттердин жолугушуусу - эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алышып, тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин 5-жыйыны болуп, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлду.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү экономика багытында кыргыз ишкерлерин жана түрк инвесторлорун колдоо үчүн келечекте Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун ачуу өтө маанилүү экенин түшүнүүгө жетишип, товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү керек деген пикирге келишти. Түркия тарап, мындан тышкары, Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Ошондой эле бизнес-форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында бир катар меморандумдарга кол коюлду.
Бизнес-форум түрк ишкерлеринин Кыргызстанга инвестиция салууга болгон кызыгуусун көрсөттү. Эки өлкөнүн маданият министрлеринин жолугушуулары да жемиштүү болуп, Түркияда көптөгөн маданий иш-чаралар пландаштырылууда. Дагы бир маанилүү болгон маселе - эки өлкөнүн жарандарынын сапарларын жөнөкөйлөштүрүү, визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу талкууланды. Бул маселе жалпы жонунан каралды, андыктан миграция кызматтарынын жана тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде дагы көп иштерди жасоо зарыл. Авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси дагы көтөрүлүп, аптасына 28 авиакаттам жүргүзүүнү сурандык. Түркия Президенти бул сунушка макул болду, - деди тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.