10-июнда Москва шаарынын Хамовники райондук сотунун судьясынын чечими менен Махбурат Эмилбаева үч суткага камакка алынган. Ага "Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу аракеттерине баш ийбөө" беренеси боюнча айып тагылган болчу. Полиция кызматкерлери аны батирдин кире беришинде күтүп турушкан.
Махбураттын айтымында, аны күч менен унаага салып, Хамовники райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Бул жерде аны канча бир саат кармашып, андан кийин анын документтери менен бардыгы жайында экендигин мойнуна алышкан. Ага карабастан, ал "майда бейбаштык" жана Россияда жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөгө аргасыз болгон.
Махбурат буга чыдабай, тез жардам бөлүмүнө барган, дарыгерлер ага баштын, моюндун көгөргөндүгү тууралуу кагаз жазып беришкен. Андан соң ал "Мыйзамсыз кармоо, күч колдонуп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, административдик иштин материалдарын бурмалоо" фактылары боюнча тиешелүү органдарга арыз жазган. 8-июнда окуя уланып, Махбуратты иштеген жеринен полиция кызматкерлери кармап кетишкен.