Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин УКМКнын маалымат кызматы билдирет. Баткен шаарынын мурдагы мэри Баткен шаарынын жасалма токтому менен жер тилкелерин 40 миңден 70 миң сомго чейин акчага берип турган.
Облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары ушул жасалма токтомдордун негизинде 200 миң сомго чейин жер тилкелерине архитектуралык документтерди даярдаган.
Тиешелүү документтердин аткарылышы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси тарабынан жүргүзүлүп ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы билинди. 2010-жылдан бери жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген. Бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.