IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Пандемияга байланыштуу иш-чараны өткөрүүнүн мөөнөтү кийинки жылга белгиленди. Ага ылайык, Кыргызстан атайын маданий программаны даярдайт. Анда "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалды уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимге кол коюлган.
Анын алкагында 2022-жылы маданият жана искусство күндөрү өтүп, театрлардын гастролдору, кино күндөрү, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу, маданият кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу камтылат.