Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, алар жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы, логистика, инфраструктуралык долбоорлор жана гидроэнергетика сыяктуу тармактарга кызыгууда.
Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары биримдиги аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу менен жолугушуу болуп, 5 келишимге кол коюлган. Түркиянын “Остим” өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Бишкекке куруу жана жайылтуу пландаштырылып жатат. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулган. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн ыңгайлуу болот.
Ошондой эле кыргыз-түрк өнөр жай зонасын Чүй облусунун аймагына куруу пландалууда. Мындан тышкары, кыргызстандык компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшкан. Алар өз учурунда өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салышат. Министрдин айтымында, жакында түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтейт.