Баткендин Лейлек районундагы аскердик шаарча курула турган жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер аягына чыкты. Болочоктогу шаарчанын укуктук тартипке келтирилген документтери Коргоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Эми алдыда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштери турат. Айта кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин, президент Садыр Жапаров Лейлек районуна барган кезде, аскердик шаарчанын пайдубалына капсула салган.