Сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн дыйкандарга атайын лимит орнотулган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин суу ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.
Айтымында, сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттары такталган. Чоң Чүй каналынын батыш тарабына орнотулган скважиналар иштебей турат. Оңдоо иштерине былтыр 296 миллион сом каралган болсо, быйыл 163 миллионго кыскарды.
Негизи сугат тутумдары туруктуу иштеши үчүн 5 миллиард сом керек. Бюджет аны көтөрө албай, акырындык менен система деградацияга учурап жатканы белгиленди.