Жаңылыктар
Ошто “Орус тилин билүүчүлөр” аталышында иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто “Орус тилин билүүчүлөр” аталышында иш-чара өттү

12- июнь - Россия Федерациясынын күнү. Бул датага карата Ошто “Орус тилин билүүчүлөр” аталышында иш-чара өттү. 

Катышуучулар, орус тили жана адабиятынын айрыкча көп улуттуу калк жашаган Ош шаарында окутулушу, орус тилчи мугалимдеринин жетишсиздиги жана келечек муунга бул тилдин артыкчылыктарын жеткирүү туурасында пикир алышты. 

Орус тилин билүүчүлөр арасында сынак да жарыяланган. Орус тилин өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан демилгечи топтордун өкүлдөрүнө сыйлыктар берилди. Россиянын Оштогу Башкы консулу Андрей Григорьев, кыргыз-орус алакасын мындан да арттырууга болжонгон бир катар иш-чаралар пандемия шартына байланыштуу бир аз кыскартылганын билдирди. Башкы консулдун айтымында, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты арттыруу максатында, Орусиядан Ошко 15 мугалим келип, Оштогу мектептерде орус тилин окутуу боюнча кесиптештерине өз тажырыйбасын бөлүшүүдө. 

Мындан сырктары, Ош шаарына Орусиянын флагманы катары таанылган Москва Улуттук Университетинин филиалын ачуу да пландалууда. “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына ылайык, кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили - расмий тил деп кабыл алынган.