Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата Бишкектин Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунун өрткө каршы күрөшкөн бөлүмдөрү арасында өрткө каршы колдонмо спорту боюнча мелдеш өттү.
Мелдеш спорттун илме шаты менен окуу мунарасынын 4-кабатына чыгуу, 3 муунактуу шаты менен окуу мунарасынын 3-кабатына чыгуу, 100 метрлик тоскоолдуктардан өтүү, күжүрмөн жайылуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү. Иш-чарада өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар жана өрт коопсуздугу боюнча кафедрасынын студенттери өнөрлөрүн сынашты.
Алдыңкы орундарды ээлеген кызматкерлерге дипломдор, командалык эсепте 1-3 орундуу ээлегендерге дипломдор менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.