Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын биринчи отуруму өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-июлга дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды. Борбор калаанын төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү.
Райондук администрация башчыларына керектүү эмеректер, оргтехника, генератор жана башка жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов акимдерге, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилерине БШКнын депутаттарын кайрадан шайлоо процессине кийлигишпегиле деп эскертти.