Мамлекеттик бажы кызматынын түштүк-батыш бажысынын башчысы колго түштү.
Кармалган жетекчи кызмат абалынан пайдаланып, товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды уюштуруп киреше алып турган. 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батир, 1 млн. АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырган.
Ал УКМКнын бажы системасындагы коррупцияны аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды.