Жаңылыктар
Ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түздү

Быйыл январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6%га азайды. 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетиндеги маалымат жыйында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.