Жаңылыктар
Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушту. 

Тараптар Кыргызстанда аталган университеттин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, маселенин ишке ашырылышына кызыкдарлыгын билдирди. Казань университети өлкөнүн ЖОЖдору менен «2+2» жана «3+1» биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча активдүү ишти баштоого даяр. 

Улукбек Марипов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан жана Татарстандын ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча Жол картасын даярдоону тапшырды. 

Белгилей кетсек, учурда Россиянын ЖОЖдорунда 15 миң 557 кыргыз жараны билим алууда, алардын 6567си - бюджеттик негизде.