Жаңылыктар
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 759,2 миллион доллар келип түштү. Бул туурасында Улуттук банк билдирди. 

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражаты тууралуу болууда. Өткөн жылы ушул эле мезгилде 534 миллион доллар келип түшкөн. 

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды. 

Буга чейин акча которуулардын эң жогорку чеги 2019-жылы катталып, 740 миллион долларды түзгөн. Мигранттардын акчасы болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.