УКМК төрагасынын орун басары Жаныбек Жоробаев Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун Борбор Азия боюнча коммерциялык директору Валерий Зубанов менен жолугушту.
Анда киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери, артыкчылыктуу багыттары, борбордун дараметин жогорулатуу иштери талкууланды. Кибер кылмыштуулук көбүнчө чет өлкөлөрдө болуп жатканына байланыштуу эл аралык деңгээлде аракеттенүү зарыл.
Ишти координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында УКМК менен «Касперский лабораториясы» ортосунда кызматташуу тууралуу документке кол коюулду. Келишимдин алкагында хакердик чабуулдарга чара көрүүнү күчөтүү максаты коюлду.