Бишкекте болгон катуу шамалдан улам телефон линиялары үзүлүп, коронавирус боюнча консультация берген 118 Call-борбору иштебей калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда линиялар туташтырылып жатат. Борбор чалууларды ӨКМдин 112 номери аркылуу убактылуу кабыл алмай болду.