Бишкекке Өзбекстанда өндүрүлгөн жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы ташылып келди, эми алар шаардыктарды тейлейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Өзбек өндүрүшүнөн чыккан "ISUZU" маркасындагы 21 автобус азыр келип, калган 29 даанасы бир аптанын аралыгында жеткирилет. Бул долбоор Инвестиция министрлиги менен биргеликте ишке ашууда. Автобустарды шаардын борборуна жүргүнчүлөрдү тейлеген линияга чыгаруу пландалууда.