Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун үй-бүлөсү менен жолугушту.
Алар Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келишин тиледи. Коопсуздук кеңешинин катчысы Президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамын тапшырды.