Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти чет элдик жарандар, туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүнүн алгоритми иштелип чыкканын билдирди.
Кыргызстандын аймагына кире турчу адамда коронвируска тапшырган ПЦР-тестинин терс жыйынтыгы болушу керек. Анын мөөнөтү анализ берген күндөн баштап 72 сааттан ашпашы зарыл. Же болбосо коронавируска каршы вакцина жасаткандыгы боюнча документ керектелет. 5 жаштан өткөн балдардын ата-энеси алардын коронавируска каршы вакцина алгандыгы боюнча документин алып алышы керектиги кошумчаланды.
Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамдары аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болот.