Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө болгон баа көзөмөлгө алынат. Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан базарларга барып, өсүмдүк майы менен кум шекерге болгон бааларды жана аны чекене баада сатууда коюлган үстөк наркты текшерүүгө алып, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Азыркы тапта өлкөгө кирип жаткан тамак-аш майы Казакстан менен Россиядан импорттолот. Ал эми кум шекер Кайыңдынан өндүрүлүп, дүң сатуучуларга 59 сомдон берилет. Негизги азыктардын баасын турукташтыруу максатында Министрлер Кабинетинин токтому менен 25-майдан баштап 90 күндүк чектөө киргизилди. Анда сатуучулар үстөк бааны 5% ашырбашы керек деп айтылган.
"Эми токтомду ишке ашыруу максатында алгач дүңүнөн азык саткан базарларга, кийин чекене саткан, андан ары шаар ичиндеги майда дүкөндөргө чейин кыдырып, шартты түшүндүрүп чыгабыз",- деди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун жардамчысы Ынтымак Осмонов.