Кыргызстанда 5G интернети иштейт. Аны сыноо иретинде быйыл жыл соңуна чейин колдонуу максат кылынууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Интернеттин сапатын жакшыртуу үчүн 2023-жылга чейин 600 чакырымга созулган телекоммуникациялык курулуштар жүрөт. Учурда Кыргызстанда интернеттин төртүнчү мууну колдонулуп жатат.