Жаңылыктар
Ош окуясында каза болгондордун жана шейит кеткендердин эстелигине куран түшүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош окуясында каза болгондордун жана шейит кеткендердин эстелигине куран түшүрүлдү

Бүгүн, 10- июнь күнү Ош окуясында каза болгондордун жана шейит кеткендердин эстелигине куран түшүрүлдү. "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексинде болгон иш-чарада гүл чамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, Жогорку кенешинин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев Ош окуясында курман болгондордун жана шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
Биринчи вице-мэри Замир Юсупов энелердин көз жашы акпасын деген тилегин билдирип өттү.

"Биримдиктин жана ынтымактын кадырын билген элбиз. Жерибизде тынчтыктын желеги желбиреп, асманыбыз ачык болсун. Ош шаарынын мэриясы дайынсыз кеткендердин жакындарына, үй-бүлөсүнө ар дайым колдоо көрсөтө берет",-деди биринчи вице-мэр.
Мындан тышкары "Шейиттер биримдиги", "Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс оту", "Бирдиктүү эл", "Ош окуясынын дайынсыздары", "Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери", "Өчпөсүн коломто" коомдук бирикмелерге шаар башчысынын атынан акча каражаты тапшырылган.