Жаңылыктар
Анкарада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Анкарада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Президент Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.

Бул сүрөт көргөзмөсү Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.