Президент Садыр Жапаровдун март айындагы Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын башчыларынын жолугушуусу болду. Мында кошуна өлкө Баткен облусуна эки мектеп куруп берүүнү билдирди. Фергана облусунун акими Хайрулло Базаров эки кошуна элдин туугандык жана достук мамилелерин бекемдөөдө эң биринчи кезекте билимге көңүл бурулганын айтты.