Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары

Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары анда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анкарада президент Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи өтө жогорку деңгээлде уюштурулду.