Борбор калаада педагогика илимдеринин доктору, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин 65 жылдыгына карата жазуучунун адабий-илимий-музыкалык ишмердигине арналган "Мени издесең - ырларымдан табасың" аттуу кече өттү.
Иш-чарада студенттер С.Рысбаевдин поэтикалык саптарынан көркөм окуп, автордун обондуу ырларын аткарышты. Рысбаев эмгек жолун кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдик кесиптен баштап, Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер болуп, жогорку кызматтарда иштеген. Анын 9 окуу китеби мектепте негизги окуу китеп катары окутулуп, 9 көркөм жыйнагы балдар бакчасынын окуу куралына айланган. Ал 9 монографиянын, 2 концепциянын, 2 мамлекеттик стандарттын, 11 окуу программасынын, эне тил жана адеп сабагын окутуу боюнча 3 методикалык көрсөтмөнүн, кыргыз жана орус мектептери үчүн 6 окуу хрестоматиясынын, 7 методикалык адабияттын, 18 кошумча окуу колдонмонун автору.
Жазуучу Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын, алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев атындагы сыйлыктын ээси. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги» сыйлыгын жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисин алган.