Жаңылыктар
УКМК: Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду

Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет. 

Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты баңгизаттарды сатуу үчүн Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүп жүргөн. Кармалган депутаттын жашаган жерин тинткен учурда 9 кг ашык апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму, 106 миң сом акча каражаттары табылган. 

Шектүүлөр Баткен шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча иликтөө жүрүүдө.