Жаңылыктар
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору кайрадан кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору кайрадан кармалды

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кайрадан кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Ал өткөн жылдын май айынан декабрга чейин баалуу товардык-материалдарды ташып келүүнүн төлөмү деген негиз менен жеке компанияга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгону аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын январынан апрель айына чейин 490 миллион сом бюджеттик каражатты чыгарып кеткени боюнча дагы бир факты табылган. Муну менен мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет. 

Белгилей кетсек, 18-майда Биринчи май райондук соту келтирилген чыгымды кайтаруу шарты менен Василий Дашковду үй камагына чыгарган. Бирок ушул күнгө чейин ал зыяндын ордун толтурган эмес.