Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк быйыл глобалдык экономика 5,6 пайыз өсөрүн божомолдоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк банк быйыл глобалдык экономика 5,6 пайыз өсөрүн божомолдоодо

Быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөрүн Дүйнөлүк Банк божомолдоп жатат. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу соода, ишкердик токтоп, эл үйдө отуруп калганда глобалдык экономика төмөндөп кеткен. 

Дүйнөлүк банктын божомолунда, быйыл АКШнын экономикасы 6,8%, Кытайдыкы 8,5% өсөт деген божомол бар. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2% жогорулайт. Алдыңкы экономикалардын 90% пандемияга чейинки деңгээлге кийинки жылы кайтышы мүмкүн. 

Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Бул өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүп, эмдөө жараяны аксап, мамлекеттик колдоо программалары токтоп турат.