Бишкек шаарында курч кармаган ичеги-карын инфекциясы көбөйдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, беш ай ичинде ичеги-карын инфекциясына 799 киши кабылган. Мындан тышкары, курч дизентерия оорусу 40 пайызга өскөн. Аны менен көбүнчө эки жашка чейинки балдар оорушат. Буга баланы караган ата-эненин жеке гигиенаны сактабагандыгы, тамак-ашты туура эмес сактап, колдонгону себепкер болот.
Оорулардын көбү калаанын конуштарында катталууда. Ошондой эле акыркы жумада шаардагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасында ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен түшкөн бөбөктөр көбөйгөн. Адистер өз алдынча дарыланбай ооруканага учурунда кайрылууну эскертти.