Кыргызстанда 9-июнга карата коронавирус 459 адамдан аныкталып, 5 киши көз жумду. Бишкекте - 183, Ош шаарында - 73, Чүй облусунда - 70, Ош облусунда - 70, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 19, Жалал-Абад облусунда - 34, Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 331 адам коронавирустан айыгып чыккан. Стационарларда илдеттен 1 миң 818 бейтап, амбулатордук шартта 2 миң 80 адам дарыланууда. Акыркы суткада 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 108 миң 173 адам илдетке кабылса, 101 миң 364 киши айыгып, 1 миң 864 адам каза болду.