Жаңылыктар
Кечээ кечиндеги катуу шамал Чүй облусунун Ак-Торпок айылындагы мектептин чатырын учуруп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Кечээ кечиндеги катуу шамал Чүй облусунун Ак-Торпок айылындагы мектептин чатырын учуруп кетти

Кечээ, 8-июнда кечке жуук болгон катуу шамал Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Торпок айылындагы мектептин чатырын учуруп кетти. 

Жаракат алгандар жок, келтирилген зыян такталууда. Белгилей кетсек, 2012-жылы шамал ушул айылдын мектебинин чатырын учуруп кеткен болчу. Мындан сырткары, Бишкекте шамалдын кесепетинен үч адам жаракат алып, ооруканага түшкөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бейтаптардын абалы туруктуу экенин билдирди.