Жаңылыктар
Кыргызстанга кумшекер, суу май жана эт импорттогондорду кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуу сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга кумшекер, суу май жана эт импорттогондорду кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуу сунушталды

Министрлер кабинети Кыргызстанга кумшекер, суу май жана эт импорттогон жарандарды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотууну сунуштап жатат.

Салыктык жеңилдиктерди ушул жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин киргизүү пландалууда. Өкмөт буга чейин мындай жеңилдиктер Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн гана каралганын белгиледи. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мал-жандыктын саны элди эт менен камсыздоого жетишсиз. 2020-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн өзүнөн чыккан эт муктаждыктын 59,3 пайызын гана жабары аныкталган. 

Казакстан тирүү малды экспорттоону чектегени жана импорттун азайганы эттин 60-70 пайызга чейин кымбатташына түрткү болду. Министрлер кабинети кумшекер, май жана эт алып келгендерге кошумча нарк салыгынан бошотууну элди азык-түлүк менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого жана баасын арзандатууга шарт түзүү үчүн сунуштап жатат.