Жаңылыктар
Кыргызстанда сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйдү

Былтыр Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

2020-жылы сыртка чыгарылган сүт азыктарынын көлөмү 35 миң тоннага жетип, 46 миллион долларга сатылган. Башка өлкөлөргө ак май жалпы экспорттолгон товарлардын көлөмүнүн 37 пайызын түзөт. Салыштырмалуу сыр жана быштак 21 пайыз, сүт менен каймак 17, кычкыл сүт азыктары 11 пайызга көбүрөөк жөнөтүлгөн. 

Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын эң чоң көлөмдө Казакстан сатып алат. Коңшу өлкөгө жалпы экспорттун 52 пайыздан ашыгы жөнөтүлгөн. Экинчи орунда 46 пайыз менен Россия турат. Ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстан дагы сатып алат.