Жаңылыктар
Сүлүктү шаарында шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Сүлүктү шаарында шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында "Ас-Сүлүктү" ишканасынын шахтасы урап, 20 жаштагы жигит көз жумуп, 36 жаштагы киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Кырсык 8-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында болгон. Куткаруучулар шахтадан каза болгон жигиттин сөөгүн жана жабыркаган кишини чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге ӨКМдин 11 куткаруучусу, Лейлек райондук башкармалыгынын ыкчам тобу, ИИМдин беш кызматкери, тез жардамдын бир бригадасы жана 20 жергиликтүү тургун барган.