Бүгүн, 9-июнда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Жумушчулар электр жабдыктарын оңдоо, көмөк чордондорду тейлөө, зымдарга тоскоолдук жараткан бак-дарактардын шактарын кесүү жана башка пландык иштерди жасашат.