Чүй облусунда коронавируска карата жасалма ПЧР-тесттерди чыгарып берип жүргөндөр колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга Ысык-Ата районунун аймагында айрым адамдар жеке менчик клиника менен өз ара сүйлөшүп алып, акчага COVID-19 илдетине карата справка берип келгени тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Укук коргоо органдары шектүү делген Чүй облусунун 25 жаштагы тургунун кармашкан. Ал вотсап тиркемеси аркылуу документтерди жасатып, аны чет өлкөлөргө оор жүк ташуучу унааларды айдап иштеген айдоочуларга сатып келген. Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү ушундай мыйзамсыз иш менен көп убакыттан бери алектенип жүргөн.
Чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш кодексинин 359-беренеси "Документтерди жасоо” боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.