Жаңылыктар
Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү кыргыз жараны концепциясынын багыттарын талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү кыргыз жараны концепциясынын багыттарын талкуулашты

Кайсы улуттун өкүлү болбосун кыргыз жараны катары эркин жашап мыйзам чегинде бирдей укукка ээ. Бул багытта мамлекет башчысынын атайын жарлыгы чыгып, аны ишке ашыруу милдети жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жүктөлгөн. 

Жарлыктын алкагында бүгүн көп улуттуу элдер отурукташып ички миграция агымы күч алган Чүй облусунда атайын иш-чара өтүп, анда улуттук азчылыктардын өкүлдөрү чогулуп концепциянын багыттары тууралуу талкуулады.

Токмок шаары көп этностун башын бириктирген ири өндүрүш шаар катары белгилүү. Бүгүнкү күндө шаарда 25 диаспоранын өкүлдөрү ынтымактуу жашап, ар биринин каада-салтына, улуттук майрамдарына жана тилине өзүнчө көңүл бурулуп, башка элдер менен эриш-аркак жашоосуна шарт түзүлгөн.