Кылмыш жаза жана жазык кодекстерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкуулар соңуна чыгууда. Бардык сунуш пикирлер камтылган соң, тиешелүү мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Бүгүн кодекстерге киргизилип жаткан жаңы беренелер жана өзгөртүүлөрдү эксперттик жумушчу топ талкуулады.
Кодекстерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча эксперттик жумушчу топ бүгүн акыркы жыйынын өткөрдү. Катышуучулардын көбү укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлери, юрист-эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү. Аларга жүктөлгөн негизги милдет- эки жыл мурун жаңы кабыл алынган кодекстердеги кемчиликтерди жоюп, азыркы заман талабына ылайык келген ченемдик укуктарды киргизүү.