Унааларды арзан баада кайра каттоо боюнча улуттук кампанияга Кыргызстанга жаңы алынып келген транспорттор кирбейт. Бул тууралуу маалымат жыйында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев билдирди.
Белгилей кетсек, 1-июндан 31-декабрга чейин унааларды кайра каттоодон өткөрүү арзандаган. Жаңы күбөлүк жана кызмат көрсөтүүлөр 460 сом болот. Унаанын номерин өзгөртүүнүн баасы 1 миң 360 сом. “Бирдиктүү терезе” принциби аркылуу Бишкекте каттоодо турган жаран Нарында туруп, бишкектик номерди алса болорун Шералиев кошумчалады.