2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортту 6,5 миң жаран алды. Бул тууралуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова билдирди.
Айта кетсек биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталган. Ошол элде учурда кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча 300 арыз келип түшкөн. Ушул тапта 200дөй документ калыбына келтирилди.
Эскерте кетсек, документтерди каттоо жана паспортторду берүү жашаган жерине карабастан бардык калкты тейлөө борборлорунда жүрүп жатат.