Бишкекте 11-июндан тарта жума намазын мечитте окууга уруксат берилгенин муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Бирок, муфтият мечитке келгендер санитардык эрежелерди бекем сакташы керек экендигин баса белгиледи. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде санитардык нормалардын сакталышы шарт.
- Күнүмдүк беш убак намазды окуганга жана жума намазына келүүчү жарандар беткап тагынсын;
- Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттар орнотулуп, келген жарандардын дене табын текшерүү жүргүзүлсүн;
- 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Дааратты үйдөн алуу сунушталат;
- Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечитке келбей турсун;
- Мечитте көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн ичинде чыгып кетсин;
- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келсин.